Menu

Алтынай Өмүрбекова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурлуу өкмөттүн аппааратынын басма сөз кызматы билдирет.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү саясаты менен катар эле, балдарды колдоо, өзгөчө жетим балдарды, турмушта кыйын кырдаалга кабылган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоонун комплекстүү чаралары боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытын жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдеттерин аныктарын белгиледи.

«Биз эл аралык милдеттемелерди эске алуу менен, социалдык, укуктук, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүү жана эрте өнүктүрүүнүн бардык түрүнүн балдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн  чараларына киргизүүгө тийишпиз», – деди вице-премьер-министр.

Тармактык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү социалдык мамлекеттик буюртма системасын жакшыртуу боюнча, аймактарда эрте өнүгүү борборлорун ачуу, илдеттерди эрте аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча, жөлөкпул берүүнү жакшыртуу жана аны алуунун жолун жеңилдетүү, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган жана кенже курактагыларга жасалган кылмыштардын алдын алуу жана башка бир катар актуалдуу маселелер боюнча өз сунуштарын беришти.

Жыйындын жүрүшүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоого координация жүргүзө турган ыйгарым укуктуу орган деп аныкталганы айтылды.

Жыйындын соңунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Балдарды колдоо жылын эске алуу менен, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча буга чейин түзүлгөн уюштуруу комитетин түзүү тууралуу 2019-жылдын 8-февралындагы №14 буйрукту өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө чечимдин долбоорун бир жуманын ичинде иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына киргизүү тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүү мамлекеттик органдар менен эки жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында долбоор, балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чаралардын планын даярдоо тапшырмасы берилди.

Финансы министрлигине балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чаралардын планын ишке ашырууга каражат табуу тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: