Бүгүн, 14-январда, Бишкекте орусиялык чечендерге ит бекер сатылып кеткен “Жерүй” алтын кени боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: «Жерүй алтын кенин тоноо, андагы акчаны өзү баш болуп, бир ууч тобу менен Атамбаев кыянатчылык менен пайдаланган. Ал өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланган. Ошону Өкмөт көзөмөлгө алышы керек болчу, бирок, унчукпай койгон. Өкмөттү ошондо Темир Сариев жетектеген, келишимге кол койгон, ошон үчүн ал жооп берсин. Менин сунушум алтын кени мамлекетке пайда алып келбеген соң толугу менен токтотулсун. Бирок, Атамбаев өзү айткандай, анын “чимкирик парламенти токтотпойт го», – деди.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ