Menu

Кыргызстандын бажычылары Жаңы жылда учакты ижарага алып, Дубайга сайрандап барып келишкен

Бөлүшүү:

90-жылдары Кыргызстанда кичинекей балдар бандит болгулары келсе, кийин депутат болгулары келип калган. Эми Бажы кызматында иштегилери гана келет болуш керек.

Эч жаза албасаң, акча суудай агып турса, байланыш бар, сый бар, айымдары баалуу кийимчен, өлкө башчылары калкалап турат. Дагы эмне керек? Албетте, балакайлар бажычы болууну самап калышат да.

Жеке булактардан бизге жеткен маалыматтар боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын жогорку кызматтагы 15 кызматкери Жаңы 2020-жылдын алдында чакан учакты жалдашып, Алматыдан Дубайга учуп кетишкен. Өздөрү гана эмес, үй-бүлөлөрү менен!

Кыргызстанга шаңдуу компания кайра 2-январда кайтып келишкен. Албетте, Бажы кызматы муну четке каккан жооп айтышы мүмкүн, аны билип эле турабыз. Бирок өздөрүнүн жогорку кызматтагы кызматкерлери жаңы жылда кайда болгонун текшере алышабы?

Булак: tuz.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: