Бүгүн, 14-январда, Бишкекте “Жерүй” алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Тегерек столго ЖК депутаттарынан жалгыз катышкан Зарылбек Рысалиев Жерүй алтын кени боюнча көтөрүлгөн маселелерди колдоорун, эч нерседен коркпоорун жана парламентте көтөрүп чыгаарын айтып, элге убада берди. Отургандар колдоп, кол чабышты.
Бирок, “Батукаев боюнча кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырса да Жерүй алтын кени боюнча маселе көтөрүүдөн корпойсузбу?” деп эч ким сураган жок.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ