Menu

Депутат Исхак Масалиев: “Азыркы бийлик системасы – жараксыз”

Бөлүшүү:

Депутат Исхак Масалиев (“Өнүгүү-Прогресс”) өзүнүн Facebook баракчасына жаңы пост жазды:

“Чындыгында, парламенттик шайлоо башталып калгандай. Тигил жакта, бул жакта муктаж үй-бүлөлөргө белек берүү менен алек. Бири акыр-чикир чогултуп, соцтармактарга чыгарып жатса, бири өзүнүн жумушчу жолугушууларын бүткүл өлкөгө көрсөтүп жатат. Дагы бири Президентке (өзүнүн сүйүктүү партиясынын тизмесине киргизеби деген тейде), Москвага, Вашингтонго, Батышка, Чыгышка кантип жакындаш керектиги менен алек. Дагы бирөө жеке өзү чегара көйгөйүн чечип койчудай көрсөтүп келет. Ушундай эле болмок. Эң коркунучтуусу – көпчүлүк катардагы жарандар буга ишенгилери келет.

Анан: “Кайра эле баягы 120 киши депутат болуп келеби?” деп суроо узатышат. Жок. Практика көрсөткөндөй, кандай гана болбосун, 30%ы гана кайтып келиши мүкүн.

Эмне кылуу керек? Добуш сатпагыла. Бул оор дечи, бирок башка жол жок. Төңкөрүш эле болбосо. Анда эле бийликти басып алган топ өз бийлигин бекемдөө менен гана алек болот. Анын бетин ары кылсын. Бул башыбыздан өттү. Азыркы бийлик системасы – жараксыз, элдин эрки сезилбейт.

Ошондуктан бир боорлор – күзгө даярданалы, 2020-жылдын ысык күзүнө”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: