“Менимче, биз бардыгын жарыялай берип, чектен чыгып кеттик окшойт”, – деди ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйында депутат Кубанычбек Жумалиев (“Бир бол”).
Депутат Дубай жаман кабарсыз эле эң сонун жашап жатышканын айтып берди.
“Дубайда, мисалы, туристтик кадыр-баркты сактоо үчүн бардык ММКлардагы суук кабарларды өткөрүшпөйт экен. Катуу көзөмөлгө алып, бир дагы жаман кабар чыкпайт, – деди ал. – А бизде, атүгүл КТРКда бардыгын – бир күндө болгон өрттөр, араздашуулар, ызы-чуулар, кырсыктар бериле берет.
Анын пикиринде, Өкмөт бул маселени карап чыгышы керек.
Жыйында депутаттар “КРнын Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын талкуулашкан эле.
Белгилей кетүчү жагдай, суук кабарларга тыюу салуу талабы менен чыккан Кубанычбек Жумалиев жалгыз депутат эмес. 2018-жылдын ноябрында жаман кабар чыгарбоону фракциядагы кесиптеши Акылбек Жапаров да көтөргөн. Ал муну менен Кыргызстанга туристтерди тартабыз деп айткан.
А.Жапаров жаман кабарларды орус тилинде жана интернетте чыгарбоону сунуш кылган.
“Биз жаманды жашырып, жакшыны ашырышыбыз керек. Бул кыргыздын салты, аны иш жүзүндө көрсөтөлү”, – деген эле А.Жапаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ