Menu

Чүйдө коштомо документтери жок 36 тоннага жакын бензин ташып келе жаткан унаа кармалды

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары – ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге КРнын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргызстандын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Ушинтип, 2-январь күнү коштомо документтери жок, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын тийиштүү пломбасы жок бензин жыттанган суюктук куюлган жүгү (36 тоннага жакын) бар жарым чиркегич идиши менен “Вольво” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрь күнү билдирди.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы убакта аталган унаа жагдайлар аныкталганга чейин айып короосуна киргизилген.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.

Эгерде сиздер КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек,
жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: