Бүгүн, 16-январда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Өрт болжол менен түнкү саат 01:02де №5 кичи районундагы №7 үйдүн подъездинин эшиги күйгөн. Өрт чыккан жерден 10 адам коопсуз жерге эвакуацияланды. 1940-жылы туулган М.А. аттуу жаранды ооруканага жеткирилген” – деп айтылат маалыматта.
Өрт кырсыгынан жарадар болгон 79 жаштагы абышканын абалы туруктуу.
Учурда өрттүн себеби такталууда
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ