Ошто денесинен күйүк алган адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Алардын айтымында, аталган окуя “денесинен күйүк алып каза болгон” деген негизде каттоого алынган.
Оштогу оорукананын врачтарынын жергиликтүү кабарчыларга билдиргенине караганда, маркум 1981-жылы туулган В. аттуу адамдын денесинин 50 пайызы күйүп калган, ошонун кесепетинен каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ