Мамлекттик каттоо кызматы унааны каттоо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын баасын эсептөөчү онлайн калькулятор кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январь күнү билдирди.
Алардын айтымныда, Кыргызстандын аймагына ташып келинген автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү жыл сайын бекитилүүчү тарифтик торчо менен аныкталуучу автомототранспорт каражатын базардагы орточо наркынын 5 пайызын, ал эми аны кайра каттоодо – 0,3 пайызын түзөт.
Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.srs.kg – электрондук порталында алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын көлөмүн эсептөөчү онлайн калькулятор ишке киргизилди.
Жаңы кызмат автоунаа ээлерине өз алдынча транспорт каражатынын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө (куб. см) жараша каттоодо алынуу жыйымдын наркын аныктоого жардам берет. Тиешелүү талаалар көрсөтүлгөндөн кийин онлайн калькулятор автоматтык түрдө эсептеп чыгарат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ