Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен салттуу  жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Адамдардын курман болгондоруна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтып, бул алардын жакындары жана туугандары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн  орду толгус оор жоготуу болгонун баса белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын кесепетинен өздөрүнүн жакындарын жоготкон балдарга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Курман болгондордун жакындары жана туугандары өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти. Өздөрүнүн жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: