Menu

Видео – Тынчтыкбек Конушбаев, ЖК депутаты: “Мен премьер-министрге кирейин деп эки жолу жазылсам, эки жолу тең кабыл албай койду”

Бөлүшүү:

“Мен премьер-министрге кирейин деп жаңы жылга чейин эки жолу жазылдым, эки жолу тең кире албай койдум. Мен ал жакка өзүмө жумуш сурап же бирөөнү жумушка киргизейин деп барган жокмун. Мен бизде чечилбей жаткан маселелер боюнча баргам болчум. Жарым жылдан бери бизде бир мыйзам – инвестклимат боюнча, ишкерлерге жеңилдетүү мыйзамы жылбай турат”, – деп билдирди бүгүн, 16-январда депутат Тынчтыкбек Конушбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

“Ушу тапта Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн байланыштырып турган жалгыз каттам – Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу создугуп кетти. Ары-бери каттаган калкыбыз кыйналып кетти. Кыш келгенде – жазды күтөбүз, жаз келгенде – жарытылуу деле иш кылбайбыз. Анан кайрадан кар түшүп, асфальт төшөлбөй калууда. Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушун тезинен бүткөрүү керек. Ал үчүн кышкысын жолдун нугун даярдап, жаз келери менен асфальт төшөө зарыл. Биз жазды, жайды, анан күздү күтүп отура берсек, кайрадан кыш келет, жолдун курулушу создуга берет. Жолдун сапаты дагы төмөндөйт. Өкмөт муну эстен чыгарбай, курулушчуларга талапты катуу коюшу керек», – деп кошумчалады депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: