Menu

Нургазы Анаркулов, “Майдан” гезитинин редактору: “Коомчулукту жерлигине карап бөлүүнү Отунбаева, Джакупова, Карамушкина сыяктуу саясатчылар бийликке каршы курал катары колдонууда”

Бөлүшүү:

“Жаңы Ордо” гезитинин ээси, таланттуу журналист, жазуучу Бекен Назаралиевдин “Трайбализм синдрому… Же түндүк-түштүк картасы, бул Кыргызстанды жок кылуучу, өтө коркунучтуу айыктырылгыс оору”- деп аталган макаласы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Автордун эмнеге күйүп-бышып жатканын жеке мен абдан жакшы түшүнүп турам. Ал биринчи кезекте коомчулукта акыркы кезде жерлигине карап бөлүнүү күч алып бара жатканына, бул бөлүнүүнү Отунбаева, Джакупова, Карамушкина сыяктуу саясатчылар бийликке каршы курал катары колдонуудан кайра тартпай, ичтеринде ийри жылан өлүп турганына кейип, ачуу чындыкты айтып чыгууга аргасыз болгону көрүнүп турат.

“Президенттин башынан сылап же көңүлүн оорутуудан алысмын, мамилем бузулса да болгон ачуу чындыкты айтып коюу менин жарандык парзым”,- деп жазат Бекен аке. Убагында Б.Назаралиев экс-президент К.Бакиев менен да жакшы мамиледе болгон, бирок ошого карабастан ага да уулунун ашыкча жулунуп, уят кылып жатканын ачык катында “мамилеси бузулуп калуудан” чочулабастан эле жарыя кылганы бар. Бул жагынан Б.Назаралиевдин ар дайым ачуу чындыкты айтып келе жаткан эрдигин белгилеп коюу керек. Бирок, мен бул жүз сап сөзүмдө Б.Назаралиев тууралуу эмес, анын жазгандары жөнүндө кеп салгым келди. Б.а. “Бекен Назаралиевдин чындыгы чындыкпы?”- деген суроонун тегерегинде өз оюмду ортого салгым келип турат.

“ММК каражаттарынын беттеринде, саясат айдыңында кээ бир журналисттер: “Сооронбай Жээнбеков айланасын “түштүктүктөргө” толтуруп жатат”- деген сөздөрдү көп айтышчу болду. С.Жээнбеков табиятынан элди түндүк-түштүк кылып эч качан бөлбөгөн инсан. Бирок… С.Жээнбековду “өз командасын топтой элек” деп сындап келишет. Бул сөздүн чындыгы бар. Айланасын карап көрсөңөр, 80% Атамбаевдин куйруктары, ошону менен иштеген жетекчилер… мамлекеттик ММКнын башчылары баарысы Кыргызстандын бир регионунан болуп калгандыгы өкүндүрөт”- деп жазылыптыр. Андан кийин кайсы мамлекеттик ММК жетекчиси кайдан экени баяндалат. Мен маселени башкача коёт элем. Кайдан болсун, мага баары бир! Бирок, бул адамдарды кызматка дайындап (б.а. Атамбаев коюп кеткенден бери тумарындай көрүп, ордунда сактап олтурган) жаткан адамдар алардын деңгээлин, дараметин таразага эмнеге салбайт? Мисалы, өткөн жылы өлкөдө саясий кырдаал курчуп, эл экиге бөлүнгөнү калган абал жаралган учурда КТРК, ЭлТР, “Кабар”, “Кыргыз туусу” оозуна талкан сугунуп алгансып олтурушту го? Элди ынтымакка, тынчтыкка чакырган бир макаласын окуп, көрсөтүүсүн көрдүңүзбү? Муну ачыгын айканда “саботаж” деп коёт, а балким булар атайылап, мурунку кожоюнуна тийишпей, кайра бийликке келип калышын күтүп олтурушкандыр? Ким билсин! Эгер кабарыңыздар болсо, Абдиламит Матисаков, Эсенбай Калдаров тушунда өкмөттүк гезиттер кандай окумдуу боло түшкөн эле. Себеби, алар өз өкмөтүн коргоп гана тим болбосон, курч темаларды коркпостон алып чыгып, жаңы деңгээлге көтөрүп коюшкан. Азыркылардан мындай дымакты сезген жокпуз. Дал ошондуктан, маалыматтык согушта килейген штаттары, бюджети болсо да мамлекеттик ММК жалгыз Кундуз Жолдубаевага Б.Назаралиев эсептегендей 10:0 эмес, 100:0 эсебинде утулуп калышты. Азыр да алардын курчтугу кайта элек. 2020-жыл катуу жылдардан болот. Шайлоонун шарапаты менен тиреш курчуйт. Мына ошондой маалда маалыматтык согуштан утуу президенттик команда үчүн негизги маселе болушу зарыл. Ачыгын айтканда, өкмөттүн акчасын ээсинен сөөк сураган итке окшоп жалдырай күткөндөн башканы билбеген айрым редактор-директор жетекчилер менен жогорудагыдан да ири эсеп менен утулушаары көрүнүп эле турат. Азыр кимден барып сураба, ачык эле айтып жатышат, бийликтин маалыматтык саясаттан аксап жатканын. Муну мен да, Бекен аке сыяктуу, ачык жазууга мажбурмун. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги бийликтин стабилдүүлүгүнөн көз каранды. Бийлик олку-солку боло берсе – жылыштан үмүтүңдү үзүп кое бер. Бийликти президент Сооронбай Жээнбековго эл берген. Колунда элдин ишеними бар. Мен ишенем, туура жыйынтык чыгарат болуш керек.

“Саткын адамдар” боюнча дагы жазылыптыр. Аны биз гезиттин ар бир санында жазып келдик. Кечээ Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди аңга түрткөн адамдар арасында бар. Булардан жакшылык күтүү – өз ажалыңды күтүү менен барабар. “Бир саткан адам – миң сатат” деп коет.

Б.Назаралиевдин макаласына жооп болдубу, билбейм, кечээ ЭлТРдин жетекчиси Айбек Мусаев иштен алынды. Ачыгын айтканда, ошол мамлекеттик ММК жетекчилеринин ичинен ишти жакшы өздөштүрүп кетип жаткан, бийликке жандили менен берилгени ушул жигит болчу. Башкаларына салыштырмалуу айтып жатам… Анан ошол, ошол болду. Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков президентинин аппараттын түзүмүн өзгөрттү. Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү. Толгонай Стамалиева – президенттин басма сөз катчысы, Наргиза Мансурова – президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Т.Стамалиева тууралуу баарыңыздар жакшы билесиздер, көп айтылып, жазылып жатат. Оң-терс пикирлер аралаш. Ал эми Наргиза Мансурованын ал жерге барып калгандыгын уккандар чалкасынан кетип жатат. Мурунку президенттин тушунда “Эркин Тоо” гезитине редактор болуп дайындалып, эч нерсени жарытып билбегендигинин айынан эмгек жамаатка батпай, кетип калган жайы бар. Айрым каржылык да алешемдиктери болгон экен, ошондо эмгек жамаатка жалдырап, “айта көрбөгүлө, өзүм эле кетем”- деп ыйлаганы журналисттер арасында айтылып жүрөт. Бир сүйлөм кыргыз тилинде текст жазганды билбеген кыздын жогору учканы кыжырыңды кайнатат, башкысы ал деле эмес, негизги кеп – ал бул жумушту кантип алып кетет?

Мына ушундай, айрым айтууга мажбур сөздөр жазылып кетти. Президент Сооронбай Жээнбеков сөздүн чындыгында – элин сүйгөн, жандили менен өлкөнү өнүктүрүүнү көздөгөн ак ниеттүү инсан. Бул максатын жүзөгө ашыруу үчүн ак эткенден так этип, уйку көрбөй, мээнетин төгүп иштеп жатат. Бул аракетин жалпы кыргыз эли колдоого алууга тийишпиз. Бирок, “бир кумалак бир карын майды чиритет”- деген да сөз бар, ошол кумалактардан тазалануу убактысы келди…

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: