Menu

Видео – Светлана Акмолдоева: “Балам жалган жалаа менен кармалып, албаган 4 миң сом үчүн эки айдан бери камакта жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-январда, саат 14:00до Бишкектеги Ленин райондук сотунда  “4 миң сом жана электрошокер уурдады” деген айып менен шектелип кармалган 19 жаштагы Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Сот отуруму айтылган убакыттан эки саат кечикти,  саат 16:00го чейин судья Бакыт Сагымбаевдин 17-кабинетинин алдында айыпталуучунун  адвокаты, ата-энеси, туугандары менен кошо журналисттер зарыгып күтгүк. Максат Жапаровдун адвокаты Аваз Мамбетакунов  “башка жакта соттук процесс бар эле” деп, соттук отурумду башка күнгө жылдыруу боюнча өтүнүч кат менен кайрылып, ал канааттандырылып, соттук отурум 20-январга жылды.

Айыкталуучу Максат Жапаровдун ата-энеси, Сокулук районунун Токбай айылынын тургундары Нурбек Чыйылдаков жана Светлана Акмолдоева менен маек курдук.

Светлана Акмолдоеванын айтымында, алардын 19 жаштагы баласы былтыр, 11-сентябрда Кутман Тилеков аттуу баланын арызынын негизинде кармалып, жалган жалаа менен камалган. Ал: “Максат Жапаров 4 миң сомумду жана электрошокеримди уурдады”,-деп милицияга арыз жазган. Анын арызынын негизинде, алардын үйүнө 24-сентябрда алгач милициялар, тагырагы, Ленин райондук “Арча Бешик” ГОМдун балдары колдорунда кармоо боюнча токтому жок же чакыруу кагазы жок эле келип, удостоверениелерин да көрсөтпөй туруп, Максат Жапаровду күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Ал убакта айыпталуучу бейкапар атасы менен машина оңдоп жаткан учуру болот. Атасы баласын милицияларга бербей алып калат. 11-сентябрда тергөөчү Майрамбек Маанаев беттештирүүгө деп чакырып, ошол жерден Максат Жапаровдун колуна кишен салып, алып кетишкен. Ошондон бери камакта экенин, баласынын эч кандай акча уурдабаганын айтып, апасы буркураса жанына киши тура албайт.

Светлана Акмолдоеванын айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Максат Жапаровду күч менен алгачкы жолу (24-сентябрда) алып кетүүгө аракет кылышкан милициялар менен айыпталуучунун атасы Нурбек Чыйылдаковдун “кагылышынтөмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: