Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Казак” деген каймана ат менен таанымал Умар Маратов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 1985-жылы туулган Умар Маратов Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда «Народный» дүкөнүнүн алдында 16-январда, түнкү саат 01:30 чамасында катталган каракчылык фактысына шектүү катары кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Эске сала кетсек, “Казак” атыккан Умар Маратов буга чейин бир канча жолу «Уурулук», «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. Былтыр, октябрда 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган. Бирок, ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. 15-январда, парламентте депутат Наталья Никитенко 16 жаштагы кызды зордуктаган “Казак” аттуу криминалды үй камагына чыкканын айтып, нааразы болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ