Menu

Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу прзиденттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын, ошондой эле Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Ганинин Кыргыз Республикасына 2019-жылдын июнь айында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышуунун алкагында жасаган ийгиликтүү иш сапарын жана 2019-жылдын апрелиндеги Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин биринчи расмий визитин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.

Өз ишин жүргүзүүдө демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылык айтып, кыргыз-афган эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: