Баткен районунун Көк-Таш айылынын камактагы төрт тургунунун экөө үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди.
Алардын маалыматка караганда, кечээ, 17-январда Кадамжай райондук соту Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлөмү (“Массалык башаламандыкка катышуу”) менен шек саналган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевдин ишин карап, аларды үй камагына бошоткон. Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы экенин эске алынган. Ал эми Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (“Массалык башаламандыкты уюштуруу”) 253-беренесинин 1-бөлүмү (“Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү”) менен шек саналган Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаевди эки айга камакта калтырган.
Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганынан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга жайгаштырылган. 11-январда Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана “Ээнбаштык” беренелери боюнча айыпталып, камалган. Алардын туугандары, айылдаштары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү аларды чыгарууну талап кылып, 13-январда, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ