Социалдык тармактарда орус улутундагы жигиттин кыргызча баян айтканы тарап, ал коомчулуктун суктануусуна татыды. Бул видоену Фейсбуктагы Ziyarat Kg группасы кечээ, 17-январь күнү жарыялаган.
Белгилей кетсек, Умрага барып, баян айткан – Денис Пышкин. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү.
Денис Пышкин Мухаммед пайгамбар мечитине зыяратка келгенин айтып, Пайгамбар с.а.в. хадисин мисал келтирип, коомчулукка зыян келтирбеген, чыныгы мусулман болууга элди чакырган.
Мындай көрүнүштү коомчулук жылуу кабыл алып, жакшы каалоо-тилектерин айтышкан.
https://www.facebook.com/ziyaratkg/videos/468544220718405/
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ