Кечээ, 17-январда КР Жогорку Кеңешинин депутаты, мурунку Каржы министри Акылбек Жапаров Facebook социалдык тармагындагы талаштардын биринде Кыргызстандын мурунку президенттеринин кимиси Кыргызстанды Кытайдын карыз сазына батырганын чечмелеп берди:
“Кыргызстандын мурунку президенттери Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын учурларында, 1991-2011-жылдар аралыгында Кыргызстан Кытайдан 150 миллион доллар карыз алган болучу.
Ал эми Алмаз Атамбаев президенттик кылган 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан коңшу Кытай мамлекетинен 1 миллиард 750 миллион доллар карыз алды.
Бул карыздардын төлөм пайыздары да жогору, мисалы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 миллион доллар карызды үстөк пайыздары менен 492 миллион доллар кылып төлөп беришибиз керек.”
Акылбек Жапаров, КР ЖКнын депутаты
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ