Эртең, 20-январда, саат 11:00до Бишкектеги Ленин райондук сотунда “4 миң сом жана электрошокер уурдады” деген айып менен шектелип кармалган 19 жаштагы Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда айыпталуучунун апасы Светлана Акмолдоева билдирди.
Эске сала кетсек, Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы 17-январда, Ленин райондук сотунда каралбай калган. Анда айыпталуучунун апасы Светлана Акмолдоева баласы ал акчаны албаганын, жалган жалаа менен камалып, 19 жаштагы баласынын канаты кайрылып жатканын, аны уруп-сабап мойнуна алдырганы жатканын ыйлап айтып берген. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ