Ырчы Бегимай Карабаеванын бүгүн туулган күнү. Ырчыны жарык дүйнөгө алып келген апасы Чынар Амираеваны куттуктап, азыноолак баарлаштык.
Чынар айымдын айтымында, Бегимай тун кызы, кыштын чилдесинде, 1987-жылдын 19-январында Баткенде көз жарган. “Кызым бала кезинен эле тың өстү, ырга шыктуу, таланттуу кыз болуп чонойду. Аялзатына тиешелүү оокаттын баарын кылат. Оор басырыктуу, айтканын аткарат, өжөр, жаштайынан эле ушундай. Турмушка чыгып, эки кыздын мээрбан энеси”,-дейт кызы менен сыймыктана Чынар айым.
“Тун кызыңыз болсо, эрке турбайбы. Эрке кызыңызга эмне белек кылдыңыз? Машина деп угуп жатабыз, чынбы?”,-десек, “Бегимайды эрке десем да болот, бирок, жөнөкөй. Эне бала десе, кум болуп чачылат тура. “Каалаган машинаңды ал”,-деп акчасын бердим. Учурда машина тандап базарда жүрөт. Улам бирин көрсөтөт мага, өзүңө жакканын ал дедим. Качан айдап келет деп кубанып, кызымды үйдө күтүп отурабыз”,-дейт Чынар айым.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ