Menu

Аманбай Кайыпов “айтылуу” Эркин Сопоковдун ордуна барабы? Ал боюнча өзү эмне деди?

Бөлүшүү:

“Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары, Нарын облусунун мурдагы губернатору Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна барат”,-деп айрым сайттар жазууда.

Алардын маалыматына таянсак, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна Аманбай Кайыповдун талапкерлиги учурда каралып жатат. Мындай маалыматты өз оозунан угалы деп Аманбай Кайыповдун телефонуна чалсак, баарын укту да, “мен бир жерде отурам, бир аздан кийин чалам”,-деп трубкасын коюп койду. Андан бери бир саат өттү, чалган жок. Демек, бул кызматка бараары анык окшойт…

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков болгон. Ал Стамбулда киши колдуу болгон жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кызматтынан алынган. Былтыр, ноябрда камакка алынган.

Ал эми Аманбай Кайыпов контейнер-мектеп чырынан улам, кызматынан кол жууган. Бирок, андан көп узабай кызматтуу болгон, тагырагы, Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары болуп келген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: