Орусиянын түндүк борбору болгон Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту көчөдө калган Виктор Николаевди Конституциялык соттун имаратына жардыргыч коюлганын маалымдаганы үчүн эки айга камакка алды. Бул тууралуу 19-январда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
В.Николаев бийлик органдарынын ишине тоскоолдук жаратып, терористтик акт жөнүндө жалган маалымат таратканы үчүн шектелип жатат.
Селсаяк Сенат аянтында сейилдеп жүрүп, Николай Биринчини, декабристтерди эстеп, Орусия жарандарынын конституциялык укуктары жана эркиндиги кандай сакталганы жөнүндө кеңеш уккусу келип, Конституциялык соттун кабылдамасына кирген. Кабылдамадан ага брошюра берип, сыртка узатып коюшкан.
Сыртка чыккан неме брошюраны окубастан, дароо эле 112ге чалып, имаратка жардыргыч коюлганын кабар кылган. Ал мындай кадамга барганына орус президенти В.Путинди кайрылуусу себеп болгонун, ошондуктан адам укугу менен эркиндиги өлкөдө сакталбай жаткан маселеге көңүл бурдургусу келгенин айткан.
Ал эми 15-январда президент Владимир Путин Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусун жолдоп, анда Конституцияга өзгөртүү киргизип, парламенттин милдеттерин кеңейтип, эл аралык укукту колдонууну чектөөнү сунуш кылган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ