Menu

Өзбекстан 2025-жылы газдын экспортун токтотушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Бул тууралуу өкмөт башчысы Абдулла Арипов билдирди. Алар газды кайра иштетип, өндүрүшүн көбөйтүп, баасын кымбаттатууну карап жатат. 2025-жылга карата жаратылыш газын экспорттоо токтотулушу мүмкүн экендигин өкмөт башчы Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын саясый кеңешинин жыйынында билдирди. “Электр энергиясын өндүрүү тармагында энергиянын альтернативдүү булактарын кеңири пайдаланууга көбүрөөк көңүл бурабыз. 2030-жылга карата электр энергиясын 2 эсе, мунайзатты – 1,8 эсе, жаратылыш газын алууну – 1,2 эсе, көмүр казууну – 3,3 эсе көбөйтөбүз”, – деп кошумчалады.

2018-жылы Өзбекстан 13 млрд кубметр газды, 2019-жылы 15 млрд куб метр газды экспорттогон.

Өзбекстанда 61 млрд кубметр газ өндүрүлөт, анын 35-40 млрд кубметри “Өзбекмунайгаз” компаниясына тиешелүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: