Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан эки киши каза болуп, 7 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 19-январда, кечки саат 21:30да Кең-Булуң айылында болгон. “Volkswagen Vento” үлгүсүндөгү машина каршы тилкеге чыга калып, “Toyota Avensis” машинасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки киши окуя болгон жерде каза болгон. Бул факт катталып, тергөө иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ