Menu

Бишкек мэриясы таштанды чыгарганга жеке уюмдарды да тартат

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясы таштанды чыгаруунун иретин өзгөрткөнү калды. Шаардык кеңештин токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

Муниципалитет тиричиликтеги катуу таштандыларды чыгаруу боюнча жеке уюмдарды ачык конкурс аркылуу тандап алмакчы.

“Соңку кезде Бишкекте кээ бир уюмдар өздөрү эле акча төлөй алган ири субъектилердин, анын ичинде соода борборлордун, супермаркеттердин таштандыларын алып чыгып жатышкан экен. Ал эми ошол эле ири дүкөндөрдүн жанындагы майда ишканаларды, бүджеттик уюмдарды “Тазалык” мамишканасы тейлейт. Натыйжада тең эмес атаандаштык түзүлүп, “Тазалык” зыян тартып келет, анткени таштанды төлөмдөрү өз убагында төлөнбөйт.

Эми ачык конкурстун негизинде жеке уюмдар тандалып алынып, алар шаардын кайсыл аймагын тейлей турганы мэрия тарабынан аныкталат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: