20-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча сот отуруму уланды. Анда айыпталып жаткан Эрмек Осмонкулов өз жактоочусунан баш тартты.
“Эмнеге?” деп сот сурады эле, “Ишеним артпай калдым” деди айыпталуучу. Анын кызыкчылыгын коргогон Рабига Садыкова сот отурумун атайын узатъртуу үчүн ушундай болуп жатканын айтты. “Өткөндө ооруп калган, эми жакточусунан баш тартып жатат”, – деди ал.
Залда олтурган маркумдун туугандары Осмонкуловду УКМКнын абагында сабашканын айтышты.
Прокурор: “Сизди сабаштыбы?” деп сураганда, ал: “Жок” деп жооп берди.
Эми сот отруму 5-фералга жылдырылды. Өткөн отурумда Осмонкулов ооруп калып жылып калган, ал Аида Салянова менен жеке сүйлөшүп алууну суранган, эмнени сүйлөшкөндөрү белгисиз. Бирок ал буюртма берген аткаминерлердин ысымдарын атай тургандыгы жөнүндө сөз тараган.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.
Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.
2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ