Жума, 17-январь күнү Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар 2020-жылдын 1-февралында Анкара шаарында легендарлуу Курманжан Датканын элесине арналган биргелешкен иш-чара ѳткѳрүү тууралуу макулдашышты.
Иш чаранын алкагында, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Я.Топчу, Элчи К.Ѳмүралиев жана түрк профессору А.Арваз Курманжан Датканын өмүрү жана иш аракеттери жөнүндө баяндама тартуулап, ошондой эле кинотасма кѳргѳзүү пландалууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ