Мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жок кылууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө КР Адилет министрлигине караштуу пробация органынын Талас шаардык жана Талас району боюнча башкы адиси системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы боюнча 1975-ж.т. «Н.К.К.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирет.
Такталган боюнча, аталган адам өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробацилык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган.
18-январда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон «М.З.М.» карата пробациялык билдирүү даярдоодо аталган «Н.К.К.» талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалды.
Кармалган «Н.К.К.» КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ