Menu

Мас абалында кармалып, жол эрежесин бузган судья протокол толтурган инспекторду сотко чакырды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жол эрежесин бузган судья Элмира Сулайманова протокол толтурган инспекторду сотко чакырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова өзү иштеген шаардык сотко жол эрежесин бузганда протокол толтурган инспектордун үстүнөн арыз жазган. Анын арызын судья М.Сариев бүгүн, 20-январда, саат 15:00дө карайт.

Эске сала кетсек, судья катышкан жол кырсыгы былтыр, 30-декабрдын түнүндө болгон. Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн биринде «Тойота» машинасы менен “Дэу Нексия” кагышкан. «Тойота» машинасындагы рулдагы аял мас абалда болгон. Ал документтерин милицияга көрсөтпөй койгону менен суроолорго жооп берип жатып, шаардык сотто судья экенин жана майрамдык кечеден келатканын айтып берген. Милиция кызматкерлери аны наркология бөлүмүнө экспертизага алып барышкан. Протокол толтурулуп, машина айып короого киргизилген. Кийинчерээк ал аял Жалал-Абад шаардык соттун судьясы Элмира Сулайманова болуп чыккан.

Жол эрежеси бузулгандагы тасманы бул жердеги ВИДЕОдон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: