Бул тууралуу 20-январда юрист Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтымында, журналист бүгүн Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Сурактан кийин дароо камакка алынып, Убактылуу кармалуучу жайга киргизилди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов Т.Бейшенбековго сайтка жарыялоо үчүн жашыруун маалыматтарды берген.
Мурда журналист Курсан Асанов менен жакын тааныш эместигин айткан. Бирок Facebook баракчасына генерал менен түшкөн сүрөтүн жарыялаганын сурашканда, жооп бере албай калганы айтылууда.
Ал эми Курсан Асанов 13-августта “кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатып, ишенимден кетти” деп кызматтан алынып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголгон. 23-августта айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, өзү 27-августта камакка алынган. Бирок генералды сот үй камагына чыгарган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ