Өкмөттүн 2020-жылдын 10-январында кабыл алган токтомуна премьер-министр М.Абылгазиев кол койду.
Бул токтомго 2019-жылдын 24-июлундагы “Комуз күнү жөнүндө” президенттин буйругун жүзөгө ашыруу үчүн кол коюлду.
Өкмөт токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 9-сентябрь жыл сайын Комуз күнү катары белгиленсин.
2. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, облустардагы өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү акимчиликтер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бири-бири менен сүйлөшүп алып, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюшутуруп турушсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ