Бүгүн, 20-январда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков бир катар коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Алардын арасында студенттерге керектүү бир топ эмгектерди жараткан, тогуз китептин автору, тажрыйбалуу, белгилүү, үлгүлүү журналист Бакыт Орунбеков бар. Ал бүгүн президенттин колунан “КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер” наамын алды. Кесиптешибизди капысынан эле көчөдөн кезиктирип калып, алган наамын куттуктап, ой-боюна койбой кепке тартып, журналистиканын күңгөй-тескейин азыноолак баарлаштык. Анын айтымында, ушак жазган журналист кесипкөй эмес, ал капысынан келип калган эле адам. Ошондой эле ал толтура шакирттери бар экенин айтып, алар ушак жазбастыгын баса белгиледи.
Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Бакыт Орунбековдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ