Бишкек мэриясынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн кыдырып, кайыр сураган, зомбулуккка дуушар болгон же иштегенге мажбур болгон балдарды акыктап келишет. Бул тууралуу 20-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада кайыр сурап жүргөн 22 өспүрүмдү аныкташкан. Алардын 8и “Айданек” реинтеграция борборуна жеткирилип, бир бала үй-бүлө жана балдар реабилитация борборуна жеткирилсе, 13 бала ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.
Эгерде балдарга зомбулук көрсөткөн фактыны же балдардын кайыр сурап жүргөнүн көрсөңүздөр, дароо милицияга жана Бишкек шаары боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө кайрылып, кабарлап коюңуздар.
Октябрь району: (0312) 510-375, (0772) 637-987 Назгүл Солтонбаева ;
Ленин району:(0312) 882-224, (0312) 883-899,(0708) 266-216 Жамиля Эрмекова;
Свердлов району: (0312) 530-576, (0706) 821-676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: (0312) 670-386, (0702) 501-827 Айбек Бекетаев;
Балдарга жардам берүү борбору: (0312) 44-25-74, (0555) 691-312 Динара Давлетбаева.
КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин шашылыш байланышы: 111.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ