Menu

Видео – Канатбек Азиз, адвокат: “Матраимовдордун максаты миллионду алуу эмес, чындыкты элге жеткирүү”

Бөлүшүү:

Матраимовдор сотту тынчтык жолу менен бүтүрүүгө жана бул ишке чекит коюуга даяр. Бул тууралуу ЖК депутаты Искендер Матраимовдун жаңы адвокаты Канатбек Азиз журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ММКлар менен болгон сот процесстер эки жакка тен пайда алып келген эмес. Соттошуп жаткан редакциялар менен өз ара сүйлөшүп, ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө жана бул ишке чекит коюуга Матраимовдор даяр. “Матраимовдор соттошуп жаткан тараптан миллион өндүрүп алууну максаттаган жок, алар чындыкты жана адилеттүүлүктү элге жеткирүүнү көздөп жатат. Менин деле максатым ушул, бул иште жактоочу болуп жатканымдын себеби да ошол. Биз соттошуп жаткан тараптар менен сүйлөштүк, биздин сунуштан бир гана “Клооп” баш тартты, башкалары макул болду“,-дейт Канатбек Азиз.

Эске сала кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр, 9-декабрда сотко берип, жалпысынан алганда, 60 миллион сомго доого жыккан.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 16-январында Канатбек Азиз КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Ал ЖК депутаты Искендер Матраимовдун жаңы адвокаты. Мурда Өмүрбек Текебаевдин адвокаты болуп жүргөн Канатбек Азиз кечээ, 20-январда Матраимовдордун сот отурумуна биринчи жолу катышып, аларды жактады. Эмки сот отуруму 29-январда болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: