Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чырга байланыштуу Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы акыркы жаңжалга байланыштуу Кыргызстан Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыялады. Бул тууралуу ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 21-январь күнү билдирди.

Маалыматтар боюнча, кошуна өлкөнүн жарандары чек арадагы жаңжал бонча чагымчылдык кылган деп айыпталууда.

Мирлан Каниметов алар чек ара айылдарынын тургундары экенин, бул маалыматты Тажикстандын укук коргоо органдары да тастыкташканын билдирген.

Анын айтымында, Тажикстандын укук коргоо органдары чек арада орун алган акыркы чыр-чатакка байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Ош – Баткен – Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургунуна таандык “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон “Фольсваген Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, анын да терезелери талкаланган.

Аталган маалыматтар Баткен РИИБнын кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралар, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Таджикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: