Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында 19 жаштагы кызды ала качууга шектелип кармалган эки бала үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун тургундары, 27 жаштагы Т.М. менен 20 жаштагы Д.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Эске салсак, 11-январда Токмоктун тургуну арыз менен милицияга кайрылып, 19 жаштагы кызын ала качып кеткен эки балага чара көрүүнү суранган.
Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча, кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ