Menu

Кыргыз-казак чегарасындагы көйгөй: “Бизди кадимкидей эле сыйлабай калышты”

Бөлүшүү:

Биздин жүктөрдү катуу текшергенге өзүбүз күнөөлүбүзбү?

Бир нече күн мурун кыргызстандыктар Ивановка айылынан алыс эмес жердеги транзиттик зонадагы май куюучу жайды тикенек зым менен тосуп салышып, казак тарапта аскер кийимчен кишилер жүргөнүн байкашкан.

“Эмне болуп жатат?” деген суроого биздин чегара кызматынын жоокерлери жооп таба алышкан эмес. Кийин белгилүү болгондой, Казакстанга караган 800 метрди түзгөн транзиттик жер тилкесин “тартип үчүн” тосушкан экен: жакында ал жакта  жол белгилери, жарандарга транзиттик зонадан өтүү эрежелери жазылган маалымат такталары орнотулат экен. Эрежелери деле жөнөкөй: токтобой өтүү зарыл, эч кимди машинеден түшүрбөш керек, жүк алып-салбаш керек. Май куюучу жайды да пайдаланууга болбойт.

Ошол эле учурда “Ак Тилек” чегарасында жүк ташуучу автоунаалар каз-катар тизилип турат. Бул тыгындын пайда болгонуна бир жумадан ашып калды. Автоунаалардын “куйругу” бир нече километрге созулуп жатат.

Чегара кызматынын айтымында, кыргыз тараптан өлкөдөн чыккандарга эч тоскоолдук жок: Казакстанда айдоочулардан Кытайдан ташылган товарлардын электрондук чиптерин текшерип жатышыптыр. Чип, албетте, баарында эле бар эмес. Казакстандын киреше боюнча комитети да кошумча текшерүүгө алып жатыптыр.

Эмне болуп жатат? Эмнеге Казакстан тикенек зымдар менен курчанып алды?

Кылым карыткан достукка залака келтирген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күтүүсүз “балп” эткенинен кийин кошуна мамлекет менен мамиле оңолгондой болгон. Азыр деле кыргыз менен казактар бир туугандай, анан эле бөлүнүп-жарылып, алыстоонун кандай кажети бар эле?

Президент, президент жана президент

Эгемендүүлүк алганы бир тууган эки элдин карым-катыш тарыхы бир нече этаптардан өттү.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевди казак коллегасы менен тыгыз мамиле байланыштырып турду: өлкө башчылары куда болушуп, уулу Айдар Акаев Нурсунтан Назарбаевдин кызы Алияны алды.

Бирок А.Акаев 2005-жылы өлкөдөн качууга аргасыз болгондо, Казакстандын президенти бул кабарды салкын кабыл алды: ал төңкөрүшкө “көптөгөн жылдар бою жыйылып келген социалдык-экономикалык көйгөйлөр массалык жакырчылык менен жумушсуздукка алып келгени” себеп болгонун айтып, жыйынтык чыгарды.

Кийинки президент Курманбек Бакиевди куткарыш керек болгондо, Назарбаев америкалык жана орусиялык лидерлер Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин тилин алып, качкын президенттке атайын аскердик учак жиберди.

Бакиев болсо 2006-жылы Казакстанга расмий сапар менен барганда Назарбаев экөөнүн ортосундагы “толук түшүнүү бар” экенин жөн айтпаган чыгар:

“Былтыр оор кыйынчылктарга туш болгонубуз менен, Казакстандын Кыргызстанга салган инвестициясы эки эсе өстү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Казакстандын беш банкы иштеп жатат. Казак бизнесмендери өз инвестицияларын биздин республикага активдүү салышын каалайт элем. Баса белгилеп кетейин дегеним, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык, саясый мамилелеринде эч кандай маселе жок. Тескерсинче, биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз”, – деген.

Ошондо Назарбаев да “Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууда казак бизнеси кызыкдар” экенин белгилеген.

А.Атамбаевдин тушунда кыргыз-казак мамилеси достук менен уланды. Эки президенттин биринчи эле жолугушуусунда Казакстан Кыргызстанга 200 миң тонна арпа менен 100 млн куб метр газды узартылган мөөнөткө берди. “Алматы-Кемин” электр шакеги аталган биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырууну сүйлөшө алышты.

2014-жылы Нурсултан Назарбаев А.Атамбаевге “эки тараптуу саясый, экономикалык жана маданий мамилелерин бекемдеп, өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн” I баскычтагы “Достык” орденин тапшырды.

2015-жылы Назарбаев жумушчу сапары менен Кыргызстанга келип, Атамбаев “биргелешкен мамилелерди жана сратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгү, эки элдин достугуна кошкон салымы үчүн” казак президентине I баскычтагы “Манас” ордени менен сыйлады.

Акыркы жолу алар 2017-жылы 8-10-июнда Казакстанда жолугушуп, Атамбаев Назарбаевди «Экспо-2017» көргөзмөсүн эң жогорку деңгээлде өткөргөндүгү менен куттуктады.

Анан эле ортолорунда кара мышык жүгүрүп өткөндөй болду. Ал “кара мышык” президентке талапкер болуп чыкты: 2017-жылы 19-сентябрында казак президенти Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алды.

Бул үгүт кампаниясынын учурунда болгондуктан, Назарбаев Бабановду колдогондой, шайлоо жыйынтыгына таасир берчүдөй кабыл алынды. Казакстан бул кинелерди “ойдон чыгарылган божомол” катары атады. Эки өлкө бири-бирине нота жөнөтүштү.

7-октябрда А.Атамбаев Назарбаевди күнөөлөп, “бакиевдерди” колдогонун, Казакстандын жогорку кызматтагылары 2010-жылдын 7-апрелиндеги элге ок атуу болгонун колдогонун айтып, эки өлкөнүн достугуна залака келтирди.

Казак тарап дароо “Ак-Жол” чегарасын жаап, автоунаалардын тыгынын жаратты. Муну алар аткезчилик менен күрөшүүгө байланыштуу деп кутулду.

Атамбаевдин оозу тыйылбады. Казак президентине дооматтарды коюп, “блокада” болуп жатканын, андан коркпой турганыдыгын, Казакстан ЕАЭБдин нормаларын бузуп жатышкандыктарын айтып, “колбаласын” Кыргызстанга “таңуулап” жатканын айтып туруп алды.

Ал эми Казакстан кыргызстандык беш компанияга сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салды. 2017-жылы ноябрь-декабрдын аралыгында Кыргызстанга 990 тонналык жүктү кайтарды.

Өлкөбүздүн жаңы президенти болуп Сооронбай Жээнбеков шайланды. Ошол замат 2017-жылы Назарбаев аны өзүнө чакырды. Эки башчы дароо тил табышып кетти.

“Биз сиздей кишини күтүп жаттык. Кыргыз тарап койгон маселелерди чечкенге дайым даярбыз… Мен бир сөз менен да Кыргызстанга сөз тийгизген жокмун”, –деди казак президенти.

Президенттер чегараны демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Атамбаевдин “балп” этмесинен жаралган чегара, фитосанитардык көйгөйлөрдү чечишти. Кыргыз айдоочуларын казак тарап кыйнабай калды.

2019-жылы Жээнбеков азыркы президенти Токаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөргө ыраазы болгонун жашырбады.

Кайра элеби?

Бирок кайрадан кыргыз-казак чегарасында автоунаалар тыгын болуп турат. Дагы аткезчилик менен күрөшпү? Бул сөздөрдү далай укканбыз…

Саясат таануучулар белгилегендей, жогорку деңгээлдеги сый мамиле канчалык сонун болбосун, реалдуулук башканы айтып турат. Дал ошол “жогорку деңгээл” эмес.

“Азыр Казакстандын Кыргызстан менен мамиле бузууга эч кандай себеп жок, – дейт Марс Сариев. – Атамбаев калтырган чуулгандуу терс фактор жок. Бизге жакшы эле мамиле жасап жатышат, бирок аткезчилик жана көмүскө схемалар бар, аларды чечиш керек.

Эксперттин пикиринде, дал ушул товарларды мыйзамсыз ташуу эки өлкөнүн ортосундагы экномикалык мамилелерге зыянын тийгизип жатат, ал башка тармактарга да өз таасирин сөзсүз берет. Башка терс көрүнүштөр да бар. Мисалы, Кыргызстандагы казак элчилигине тиешелүү машине менен Казакстанда шылуундукка шектелген аялды биз тарапка алып кирүү аракети болгон.

Ал эми саясый эксперт Чинара Эсенгулдун айтымында, саясый жана экономикалык карым-катнаш кесилишкени менен, ар дайым эле дал келе бербейт. Саясат жактан талаша турган маселе деле жок, экономикалык жактан маселе татаал.

Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен, биримдиктеги өнөктөштөрүнө маселе жаратып келет.

“Кыргызстандын күнөөсү бар, ЕАЭБдин стандарттарына ылайык бажы, фитосанитардык жана башка процедураларды калыпка салуу үчүн бизге беш жылдык мөөнөт берилген. А биз бул боюнча иштеген жокпуз, өзүбүздүн ички саясый процесстер менен алек болуп жатып алдык. Болгону 2019-жылы баштадык. ЕАЭБдеги коллегалар биз ишти аягына чейин чыгарбай жатканыбызды баса белгилеп келишет”, – дейт эксперт айым.

Бул көйгөйдүн бир тарабы гана. Эң башкысы – бул көмүскө экономика менен көкөйгө көк таштай тийген аткезчилик.

Ал эми саясый маселелер боюнча эксперт Аркадий Гладилов казак чегарачылардын мамилесине таңгалуунун кереги жок деп эсептейт. Жогорку жакта кандай сүйлөшүүлөр болбосун, бул абалга таасир бербегенине көп болгон.

“Менин тааныштарым Казакстан аркылуу көп жүрүшөт, чегарачылар өз билгенин кылып, болбогон жерден кине таап, кыйынчылык жараткандары көнүмүш адатка айланган. Жогорку жакта кол кысып, достукту айтып, кызматташууну айтышат, а иш жүзүндө – өзүңөр көргөндөй. Канчалаган жүк ташыган автоунаалар тизилип турат. Бирок бул катардагы казак туугандарга тиешеси жок, улутуна, жарандыгына карабай, алар жардам бергенден качпайт. Бардыгы чегарадагы бийлик өкүлдөрүндө болуп жатат. Ал жакта коррупция гүлдөп өскөн”, -дейт Гладилов.

Анын пикиринде, Евразиялык экономикалык комиссиядагы Кыргызстандын өкүлдөрүндө күнөө бар, алар биздин кызыкчылык үчүн күрөшө албай келишет.

“Казакстандын мындай мамиле жасаганынын негизги себеби, менимче, Кытайдан келген товарлардын агымы Кыргызстан аркылуу эмес, Казакстан аркылуу келишине кызыкдар болуп жатышат. Бул кадимки эле эки өлкөнүн экономикалык күрөшү, бир биримдикте болушса дагы. Ушундай болуп келген, болуп жатат жана боло берет. Албетте, мамилебизди бузбашыбыз керек. Бирок “жогорку деңгээлдеги”  жакшы мамилелер “төмөнкү деңгээлдеги” жакшы мамилелер менен бекемделиши керек да. Ал болбосо, биз акчабызды да, кадыр-баркыбызды да жогото беребиз. Бизди кадимкидей эле сыйлабай калышат”, – дейт Аркадий Гладилов.

Кыргызчылаган KyrgyzToday.kg

Булак: vesti.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: