Menu

Кыргызстанда спирт ичимдиктерине болгон баа кымбаттайт

Бөлүшүү:

2020-жылдын январынан баштап Кыргызстанда этил спирти менен алкоголдук ичимдиктердин кээ бир түрлөрүнө болгон акциз салыгынын баасы көтөрүлдү. Салык кодексине кирген өзгөрүүлөр жөнүндө Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Салыкты көтөрүү ЕАЭБ алкагындагы акциз бааларына айкалыштыруу максатында жүргөн.

Ошентип, арак, ликер, күчтүү ичимдиктердин акцизи бир литр үчүн 70 сомдон 100 сомго көтөрүлгөн. 2021-жылы бир литр үчүн акциз – 120 сомду, 2022-жылы – 140 сомду, 2023-жылы – 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциз  бир литр үчүн 100 сом, мурда 70 сом болгон. Кийинки үч жылда улам 20 сомдон көтөрүлө бермекчи.

Коньякка болгон акциз бир литр үчүн 52 сомдон 70 сомго чыкты. 2021-жылы – 80 сом, 2022-жылы – 90 сом, 2023-жылы – 100 сом болмокчу.

Жеңил алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздин баасы 1 литри – 200 сом, мурда 70 сом болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: