Menu

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев “Биримдик” партиясы боюнча эмне деди?

Бөлүшүү:

Учурда “Биримдик” партиясы кеп болууда. Андай кептердин арасында экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин да аты аталууда. “Биримдикти” негиздеген Амангелди Муралиев, анын партиясын Бакиевдер тартып алып, азыркы ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева алып берип коюшкан”,-деген сөз жүрүүдө. Мунун канчалык чындыгы бар экендигин тактайлы деп экс-премьерге кайрылсак, ал кыска гана: “Биримдик” партиясына менин эч кандай тиешем жок”,-деп жооп берди.

Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева да кайрылып, жооп алдык. Бир аздан соң анын жообун жарыялайбыз.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-январда аталган партиянын башына ЖК депутаты Марат Аманкулов келгени маалым болгон. Аны депутат өзү журналисттерге билдирген. Анын мындай маалыматын Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган маалымат да тастыктайт, анда М.А.Аманкулов “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: