Menu

Экс-мэрлер Ленин райондук сотунун чечими менен макул болбой, Жогорку сотко кайрылганы турушат

Бөлүшүү:

Атамбаевдин жакын адамдары, экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата Ленин райондук сотунун чечимин боюнча апелляциялык арыз берилгени турганы тууралуу алардын адвокаты Сергей Слесарев бүгүн, 23-январда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар да, айыпталгандар да Ленин райондук соттун чечими менен макул эмес. Ошондон улам, алар жогорку сот инстанциясына апелляциялык арыз менен кайрылганы турушат.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: