Menu

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Гендердик квотаны киргизүү сунушу – саясат менен ойноо…”

Бөлүшүү:

Өкмөт курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып, аны коомдук талкууга чыгарды. Саясый кызматтардын деңгээлинде эркектердин саны аялдардан жети эсе жогору. Ошондуктан, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталып жатат. Бирок, бул сунушту жактырбагандар бар. Депутат Чыныбай Турсунбеков гендердик квотаны саясатташтырбай, кесиптик деңгээлине карап кызматка алуу туура экендигин белгилейт. Ошондой эле ал шайлоого карата саясый жүрүштөрдөн азыноолак кеп салды.

– Чыныбай Акунович, өкмөт курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып, коомдук талкууга чыкты. Сиз муну колдойсузбу?

– Бүгүнкү, күндө Кыргызстанда ал маселени саясатташтырбаса деле, өзгөчө бир деңгээлде планкага алып чыкпаса деле, эркек-аялдын баары эле «жашообузду жакшырталы» деп чуркап иштеп жатышат. Эң башкысы, кандай гана маселе болбосун, профессионализм биринчи орунда туруш керек. Ишти жакшы билеби, ким экенине карабай жумушка алынып, ишти билбесе, ким экенине карабай жумуштан кетирилиши, же кабыл алынбашы керек. А тигил маселе, ишти биринчи планга коюу эмес, ал саясат менен ойноо дегенге жакындап жатат.

– КСДПдагы айрым депутаттар бийликтин партиясы делген «Биримдиктин» тизмесинде жүрүшөт. Бул нормалдуу көрүнүшпү?

– Мен да ошону маалыматтардан окуп калып жатам. Кандай болсо да баарын убакыт көргөзөт. Саясатта баары болот.

– Сиз кайсы партиядан шайлоого барасыз?

– Мени менен пикирлеш, бир багытта биргелешип иштей турган күчтөр менен барам. Азырынча конкреттүү айта албайм.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: