Menu

Дүйшөнкул Чотонов: “Суракта Текебаевди күнөөлөп, өзүмдү кантип сатмак элем?..”

Бөлүшүү:

– Дүйшөн мырза, “Ата Мекен” партиясынын штаб башчысы болуп шайландыңыз. Бул абактан чыккандан кийинки саясатка аралашууңуз болсо керек. Ишти кандай баштадыңыз? Штаб башчысы катары сиздин алдыңызда кандай милдеттер турат?

-Акыры 9 жылда мамлекеттик кызматта иштегендигиме байланыштуу партиядан бир аз алыстап жүргөм. Анан түрмөдөн чыккандан кийин азырга чейин сот уланып жатат. Ошого карабай, өткөөл мезгилде саясый процестерге аралашууга туура келди. Бул жылы парламентке шайлоо болот, мындайча айтканда, мамлекеттин өткөөл мезгили. Акыркы 3-4 жылда болгон окуялардын фонунда партия үчүн дагы чоң сыноо. Партия лидери Өмүрбек Текебаев айткандай, бизде жаңылануу, жашаруу сыяктуу алдыбызга коюлган милдеттерден, келип чыккан маселелерден улам мени штаб башчысы кылып партиялаштар сунушташып, бекитилдим. Менин негизги иш-планым алдыда келаткан партиянын 13-съездин өткөрүү. Ал эми съездди шашылыш чакыруунун себептерин төрагабыз ЖМКларга бир нече жолу айтты.

Партия түзүлгөндөн бери 30 жылга жакын убакыт өттү. “Ата Мекен” – Кыргыз мамлекети менен жашташ партия. Партиянын тарыхы менен мамлекеттин тарыхын бөлүп кароого болбойт. Мен партияга студент кезимде келгем. Азыр 50дөн аштым. Партияны түптөгөндөр: Өмүрбек Текебаев, Болот Шер 60тан ашышты. Бир муун алмашты. Биз менен чогуу желек көтөрүп жүргөн балдар 40ка чыгып, алды депутат, министр болуп жүрүшөт. Муун алмашкандан кийин жаңылануу болот. Артыбыздан дилгир, жаш лидерлер өсүп келатышат. 13-съездде партияга бүтүндөй өмүрүн арнаган адамдар артыбызга саресеп салып, жыйынтыктарды чыгарып, партиянын курамын кайрадан бүгүнкү күндүн талабына, өлкөдө болуп жаткан шарттарга, чакырыктарга даяр боло тургандай түзүп чыгуу милдети турат. Алгачкылардан болуп Нарын облусунда конференция өттү. Марттын башына чейин баардык облустарда, эки ири шаарда конференциялар өтөт. Буюрса, 20-мартта партиянын курултайын өткөрөбүз. Партиянын уставына көп өзгөрүүлөр кирет. Коюлган максаттар менен бүгүнкү күндө коомдо болуп жаткан чакырыктар дал келе тургандай кылып түзүп чыгабыз. Иштер жүрүп жатат.

Ал эми күздө өтө турган парламенттик шайлоо, менимче, өзгөчө шайлоо болуш керек. Элдин шайлоого болгон үмүттөрү өчө элек. Парламенттик өлкө болгондон кийинки элдин аң-сезими кандай деңгээлде өзгөрдү, же дагы эле болсо олигархтардын, акчанын тузагынан чыга албайбызбы? Ушуну аңдап билгенге мезгил келди. Баарына эл тараза, шайлоого катышууга бел байладык.

— “Ата Мекен” “шайлоого барабыз” деп жарыя кылды. Бирок, лидерлеринин, Текебаев менен сиздин сот дагы деле уланып жатат. Коомчулукта сиздерди “кайрадан соттолот экен” деген кептер айтыла калып жатат. Эгерде сиздер акталып үлгүрбөсөңүздөр, анда шайлоого тизмени жетектеп бара албайсыздар. Андай учурда партиянын шайлоодон утуп келүү шансы канчалык?

— Ачыгын айтыш керек, абал өтө деле оптимисттик эмес. Сотубуз уланып жатканына карабай, биз “Ата Мекен” партиясын шайлоого катышууга, катарыбызга прогрессивдүү күчтөрдү тартууга демдүү кириштик. Утуп келүү шансыбыз өтө деле чоң эмес. Коюлган пландарыбызда, иштеп жаткан ишибизде муну да эске алганбыз. Текебаев экөөбүз шайлоого катыша албай калган күндө да, партиянын иши токтобойт. Партиянын уставына кирип жаткан өзгөрүүлөр бизге жаңы, жаш лидерлердин, коомдогу прогрессивдүү күчтөрдүн партиянын катарында туруп, анын шайлоо алдындагы күчтөрүн жетектеп, андан ары алып кеткенге мүмкүндүк бере турган шарттарды даярдап жатабыз. Кандай болгон күндө да, лидерлер Текебаев, Болот Шер баш болуп, мен штаб жетекчи катары болгон күчүбүздү жумшайбыз.

-Шыкмаматовдун партиядан чыгышы да канадйдыр бир деңгээлде шансты азайттыбы? 

-Алмамбет Шыкмаматов менин үзөңгүлөш досум. Биз мындан оор сыноолордо бирге өткөнбүз. Адамгерчилик мамилебиз дагы деле үзүлгөн жок. Ал эми анын кадамын саясатта, адамдардын ортосунда боло турган таарынычтар катары кабылдасак болот. Менимче, анын партиядан чыгуу чечимин кабыл алганы жеке мамиледен улам болсо керек. Насырканович дасыккан саясатчы, ал чечимди өзү кабыл алат. Кандай чечим кабыл албасын, биз анын чечимин сыйлайбыз.

-Өзүңүз партиядан оолактап, саясаттан четтеп турган учурдан кайра кайтууга эмне себептер болду?

-2010-жылы мен өкмөттө иштеп, андан кийин элчи болуп, партиядан чындап эле алыстап кеттим. Мыйзам боюнча партиядагы иштеримди токтотком. 2015-жылы мен “Ата Мекенден” эмес, чындап эле саясаттан алыстоо үчүн чечим кабыл алгам. Аны чечмелеп айтыш узак сөз. 20 жаштан жаңы өткөн кезде саясатка келип, ошол бойдон 2010-жылга чейин саясаттын казанында кайнадым. Элге, мамлекетке колумдан келишинче адилеттүү кызмат кылганга аракет жасадым. 50гө жакындап калганда карасам, үй-бүлөгө, жеке жашоого таптакыр көңүл бурбай калыптырмын. 2015-жылдан кийин партиянын жетекчисине түшүндүрүп, “жеке иштерди кылайын, бутка турайын, мага 5-10 жыл убакыт бергиле, партиянын саясый ишине аралашпай турайын” деп кеттим. Анан өзүңөр көрдүңөр, ошол ой-максатыма жеткирбей, кайрадан саясатка алып келишти. Кете албадым. 2 жыл 7 ай жалган жалаа менен түрмөгө отуруп чыктык. Мындайды кыргызда тарткылык деп коёт. Саясатта жүргөн жакындарым, досторум “сага эмне болду?” деп сурашат. Мен баарына бир эле жоопту айтам: “Мен саясатка өзүм келгем, мени эч ким зордоп алып келген эмес, бул менин жашоом” деп. А саясатчы катары, өзгөчө Кыргызстанга окшогон континенталдуу чукул өзгөрүп турган, же болбосо рефомалардын учурунда, өткөөл мезгилде жашап жаткан жаш мамлекетте ар бир саясатчынын башында мындай тагдырлар болушу толук мүмкүн. Ал ошого даяр болуш керек. Менимче, негизги тарткылык өтүп кетти. Буюрса, алдыда жакшы иштер турат.

-“Түрмөгө түшкөндөн кийин бир күн деле, бир жыл деле бирдей эле убакыт” дешет го. Эки жыл жети ай жыл абакта отуруп, убакытты кантип өткөрдүңүз? Көбүнчө эмнелер тууралуу ойлонуп жаттыңыз? Чыккандан кийин көз караштар өзгөрөт экенби?  

-Көп деле өзгөргөн жокмун. Мүмкүн, токтоо болуп калдым. Мен абдан шар, кыялым чорт, чечимди тез кабыл алган адам болчумун. Түрмө мени көп ойлонууга түрткү берди. Мен өзүм тарыхчымын. Жаш кезде “илимпоз болом” деген максатым бар эле. Саясатка аралашып кетип, таштап койгом. Ал жактын жашоосу өзүнчө бир дүйнө. Ал жактан дагы үйрөнө турган көп нерселер бар. Менин жашымдагы, токтолуп калган адамдар үчүн пайдалуу жагы дагы бар экен. Түрмөдө көп окуганга мүмкүнчүлүк болду. Мурда окуй албаган китептерди окуп бүтүрдүм. Будда, Суфизм дегендерге кызыгып жүргөм. Алар адамды философиялык ой жүгүрткөнгө алып келет. Баардык нерсеге үстүртөн карап мамиле кылып, чыдоого чоң жардам берет. Мага жардамы ошол болду. Мен түрмөдө отуруп, акыркы убактарымда өмүрүмдүн калган бөлүгү баары бир эле саясат менен өтөрүн, менден бизнесмен, же жеке жашоо менен жашаган адам чыкпасын түшүндүм, көз жетти. Ошондуктан, чыгаар чакта Өмүрбек Чиркешович менен сүйлөшүп, “чыксам, мен кайра саясатка кайтат окшойм” дегем. Мына, кайттым.

-Соттон акталуу боюнча кандай аракеттерди кылып жатасыздар?

-Качандыр бир убакта, буюрса биз сөзсүз акталабыз. Бирок, мен үчүн эң маанилүү нерсе башка. Мен түрмөгө жаңы түшкөндө жакын адамдардын, достордун көздөрүнөн мага болгон күмөн саноону көрдүм.

-Кандай күмөн саноо?

-“Балким, Дүйшөн чындап эле күнөөлүү” деген күмөн саноолорду. Биринчи учурларда коомчулукта ошондой ойлор пайда болгон. Мага эң оор тийгени ошол болду. Эң жакын деген адамдардын көздөрүнөн ошол нерсени, ишенбөөчүлүктү көргөн оор тийет экен. Бирок, убакыт өтүп, менин күнөөлүү эмес экениме болгон ишенимин көрүү, жакындарымдын, өз балдарымдын атасынын ууру эмес экенине чын жүрөктөн ишенимин көрүү – айтып жеткире алгыс сезимге бөлөдү. Коомчулуктун, элдин алдында жүзүм жарык болуп, баш көтөрүп жүргөнүм баарынан маанилүү. Ал эми акталарыбыз турган сөз, буга толук ишенем. Бирок, эртерээк болсо жакшы болмок. Биздин күнөөсүз экенибизге эл ишенип турат. Демек, эми кандай чечим чыккан күндө деле, жалпы коомдун алдында биздин күнөөлүү эмес экенибизге ишеним бар. Күнөөлүү эмес экенибизди далилдеп, акталганга аракет кылып жатабыз. Калганын убакыт көрсөтөт.

-Сот процесстеринин биринде мага “Текебаевге каршы көрсөтмө берсең, бошотуласың” деп сунушташканын айттыңыз эле. Бирок, алардын сунушун кабыл албай, камалып кеткенге кайыл болдуңуз. Мындай чечимге келүүгө кандай себептер болду?

-Мени жакындан билген адамдар мүнөзүмдү жакшы билишет. Айрымдар “сиздин Текебаевге каршы көрсөтмө бербешиңизге ишенгем” дешти. Мен саясаттан четтеп, аралашпай калганымдан улам, “булардын мамилеси жакшы эмес. Ушул моменттен пайдаланып калалы, Чотонов балким Текебаевди сатат, айтканыбыздай кылат” дешсе керек. 26-февраль күнү таң атпай, саат 5терде кармап кетишти. Ага чейин түнкү саат 22:00 чамасында Акүй тараптан жакын инилерим адам жибериптир, “түнү менен сизди качырып жиберебиз” деп айттырып. Мен макул болбой, “рахмат, кайда качмак элем” деп, жагдайды үй-бүлөмө түшүндүрдүм. Күтүп отурушту да, эртең менен мени алып кетишти. Сурак бердик, баш коргоо чарабызды карашты. Атын айтпай эле коёюн, убакыт келет, айтабыз. Тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген полковник 3-күнү мени өзүнө чакырып, ачык эле “күнөөлүү, көргөм” дебесеңиз да, “ооба, Текебаевдин кабинетине мен аларды алып келип тааныштыргам, чогуу отурганбыз, кийин мен иштерим менен чыгып кеткем, алар эмне деп сүйлөшүшкөнүн билбейм” деп айтып коюңуз, бүгүн сиздин баш коргоо чараңызды өзгөртөбүз” деди. Адамсың да, мен дароо оюмду айттым, “иним, мен 50гө чыктым. Ушул убакка чейин жүзүм жарык, эл арасында акыйкаттык, чындык үчүн күрөшүп, жүгүрүп жүрөм. Анан мен ушинтип айтсам, күнөөсүз адамды күнөөлөп, эл аралап кантип басам, кантип жашайм? Бул жерде маселе Текебаев жөнүндө эмес, өзүм жөнүндө болуп жатат. Мен өзүмдү сатамбы? Мындай сунуш берердин алдында ойлонуп көрдүңбү? Мен жөнүндө ушунчалык оюң жаманбы? Же мени саткынчылыкка барат дейсиңби?” десем, көзүн ала качат. Мен ал жигиттин көзүнөн саткынчылыкка барыш, принцибин жоготуш, “элдин көзүн кантип карайм?” деген түшүнүктөр ал үчүн түккө турбасын көрдүм, түшүндүм. “Мени камерама жеткир” деп чыгып кеттим. Бул деген эмнени билдирет? Бизде саткынчылык нормага айлана баштады. Эки революция болду, экөөнүн тең башында жүргөндөрдүн биримин. Бул да биздин күнөөбүз. Системаны түп-тамырынан алмаштырганга алыбыз жетпеди. Президент эле алмашты, система алмашкан жок. Система алмашмайын, тазаланмайын, сот системасы, адам укугу жөнүндө айтыш эртелик кылат. Коомдун аң-сезиминде коррупция дагы деле болуп жатат.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: