Menu

Видео – Коркутуп-үркүтүү менен сойку болгон өспүрүм кыз: “Күнүнө үстөмө 20дай эркек кирип жатты”

Бөлүшүү:

Жашы жете элек кызды эки жума сойкуканада кармап, эркектерди тейлегенге мажбурлап келишкен. Өспүрүм кызды коркутушуп, 18 жашта экенин айтууга мажбур кылдырышкан. Баш ийбей койгондо, кызды ур-токмокко алышып, зордуктай беришкен.

Бул тууралуу Орто Азия боюнча көрсөтүлгөн “Настоящее время” программасы атайын телеберүү даярдады.

Бишкектеги атактуу Ош базарына күнүнө миңдеген кишилер келип-кетет. Алар дайыма тосмосу бийик үйдүн жанынан өтүшөт. Ал үйдүн ичинде эмне болуп жатканын аркы-терки өткөндөр кайдан билсин. 16 жаштагы Нурайымды (ысымы өзгөртүлдү – НВ) Көлдөн уурдап келишип, эки жума күч менен дал ушул үйдө кармап келишкен. Анын маңдайында милиция бөлүмү бар.

Нурайымдын айтымында, бул жерде андан тышкары 11 кыз-келин иштеген. Кыздардын арасынан бирөөсү дагы Нурайымдай болуп күч менен кармалып турган. Нурайым баарынан жаш болгон экен. Өмүрүндө атүгүл жигит менен жолугушуп да көргөн эмес.

“Биз уктаган деле жокпуз. Күнү-түнү деле ойгото беришчү. Күнүнө үстүмө 20дай эркек кирчү. Ажаткана үйдүн ичинде. Күнүнө бир жолу тамак беришчү. Башка эч нерсе жечү эмеспиз”, – дейт Нурайым.

Бир нече жолу сойкуканага келген жигиттерден жардам сурап, алар кожоюндан сурай баштаганда, аларды сыртка чыгарып салышып, Нурайымды сабашчу экен. Кээде сойкукананын ээси өзү сабап, зордуктап салчу экен, кыздардын айтымында, ал кишинин аты  – Касым.

Нурайым  апасы, кичинекей сиңдиси менен Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын жанындагы чакан айылда жашаган. Экинчи топтогу майып. Кичинекей кезинде эле башынан ашыкча суюктук табылган. Ошондон улам 9 классты араңдан-зорго бүтүргөн. Мектептен кийин апасына жардам бере баштаган. Апасы экөө жергиликтүү фермерлерге жалданып, картошка түптөп, жыйнап, кышында сорттоп, бир аз тыйын табышчу тура.

“Мен Асем менен картошкадан тааныштым. Телефон номурумду сураган, анан туулган күнүнө чакырып калды. Караколдон өзүнчө бирөөлөр менен телефондон сүйлөшүп, мени “күтүп тур” деп койду. Анан эле бир кара машине келип, ичинен кишилер түшүп, менин колумду толгоп, машинеге салып, Бишкекке алып кетишти. Ал жактан колумду таңып, зордуктап салышты. Анан кайра сабашты. Каным деген эже күйөөсү Касым менен мен Көлдөн эмес, Бишкектен экенимди, 18 жашка чыканымды айтышым керек экендигин түшүндүрүштү, 15 миң сом карызымды иштеп төлөшүм керек дешти. Макул болбой койдум эле, катуу сабап салышты”, -деди колдору калтыраган жаш кыз.

Нурайымга келген бир жигит жардам бериптир, өз телефонун бергенде, Нурайым апасына чалганга үлгүргөн. Аны бул тозоктон куткаруу үчүн таяжеси Бишкекке келген. Сойкуканага милиция келгенде, үйдө эч ким болгон эмес. Бул ишти колуна алган юристтердин айтымында, алардын киши уурдоо, күч менен кармоо жана телефон уурдоо боюнча арызын Ички иштер министрлиги кабыл албай жатыптыр. Тергөө зордуктоо беренеси боюнча гана жүрүп жатат.

“Эч кандай тергөө амалдарын жүргүзүшкөн жок. Жапа чеккен тарап катары бизди бир да жолу чакырышкан жок. Зордуктоо боюнча эч кимди кармаша элек”, – дейт “Адилет” укуктук клиниканын юристи Айнура Осмоналиева.

Ал эми жашы жетелек кызды күч менен кармаган сойкукана дале иштеп жатат. Милициянын рейди болгондон кийин темирден жасалган экинчи каалганы ачык таштап калышыптыр. “Настоящее времянын” тасма тарткан тобу ал үйдүн короосуна кире алды, бир кыз тамеки алганы сыртка чыгып баратыптыр. Аны менен сүйлөшө кетсек, сойкулук кылганын жашырбады, бирок Нурайым атаган кишилер эми бул жерде жок экен. Милицияда болсо, тергөөчүлөр иштеп жатканын айтышат. Кылмыш иш “Сойкулукка тартуу” беренеси менен козголгон.

“№166 берене боюнча иш козголгон, бардык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Сотко чейин өндүрүш жүрүп келет. Бул боюнча бардыгы иштеп жатат”, -дейт Бишкек ИИБисинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков.

Тергөөчүлөр декабрда эле сойкукананын кожейкеси менен бетме-бет жолуктурушкан. Кыз аны тааныганы менен, ал аял дале эркиндикте. Жаш кыздын туугандары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетет деп чочулашууда. Видео:

Кыргызчылаган KyrgyzToday.kg

Булак: currenttime.tv

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: