Menu

Азимбек Бекназаров, КРнын Малайзиядагы элчиси: “Мен бийлик менен соодалашкан жокмун. Кызматташып гана жатам”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Акипресс” маалымат жыйынында пресс конференция берип, журналисттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биз да баарлаштык.

– Азимбек агай, айрымдар сизди “бийликтин тапшырмасын аткарып, Матраимовдордун таламын талаша баштады”- деген доомат коё башташты го?

– Матраимовдун маселесин мен 2010-жылы эле көтөргөм. Азыр мени Матраимовго жармаштырып, каралоого аракет кылгандар ошондо кайда жүрүштү эле? Анда мага душман болуп жаткандар ал мезгилде Матраимовдор менен колтукташып, ага жан тартышты эле го. Мен Матраимовдун ишиндеги мыйзамдуулукту гана айттым. Матраимовдун кылмышы болсо, бийлик кылмыш ишин козгойт. Кылмышы жок болсо козгобойт. Мен ошону гана айттым. Атамбаев 7 жыл иштешип туруп, кетеринде Жээнбековго оодара салды. Өзүнүн күнөөсүн бирөөгө оодара салган туура эмес дедим. Аны туура эмес түшүнүп алгандар мен Матраимовдорго жан тартып жаткандай сүрөттөп жатышат. Матраимов менен иштешпесем, бир партияда болбосом аларга кайдан жан тартат элем? Дооматты да чеги менен коюшса жакшы болот эле. Чынында мен аларды колдогон, коргогон деле жокмун.

– Курултайдагы маселелер чечилмейин эч жакка кетпейм дедиңиз эле. Сиз көтөргөн маселенин баары чечилдиби?

– Курултайда көтөргөн маселенин 90 пайызы аткарылды. Ошон үчүн “уккуңар келсе, келгиле” деп баарын чакырып жатам. Бүгүн бир жолу курултай чакыра албагандар, бийликтин алдында бир да маселе коё албагандар мени сындап, акылдуусунуп жатышат. Мен февраль айында боло турган курултайга баарын чакырып, “келгиле, бир күч бололу. Идеяңар болсо ишке ашыралы”- деп жатам. Мен элчи болдум деп кетип жаткан жерим жок. Элиме отчёт берейин деп атам.

– Бирок, айрымдар элчилик кызматка кеткениңизди бийлик менен соодалашкандай, сатылгандай кабыл алып жатышат го?

– Мен бийлик менен соодалашкан жокмун. Кызматташып гана жатам. Атамбаевдин доорунда деле маселе көтөрчүмүн. Ал мезгилде биз уюштурган курултайга президент келмек тургай, биздин курултайга элди келтирбөө аракети күч болчу. Бул бийлик мурунку бийликтен айырмаланып, Курултайда көтөрүлгөн маселенин 90 пайызын чечти. Мыйзамды кабыл алышты. Биз койгон маселелерди чечип жаткан кийин бийлик менен кызматташтык. Анткени, “биз силердин айтканыңарды кылдык. Эми биздин сунушту да эске алгыла, мамлекетке жардам бергиле”- дешти. Ойлонуп көрүп, макул болдум. Анткени, элчилик кызматка кетип жатканым соодалашуу же саткынчылык эмес, кызматташуунун бир жолу болду.

Дагы айтам, мен бийликке сатылган жокмун. Бийликке сатылды деп бийликти тааныбайм деп жүрүп, ошол бийликтен белек алган кишини айтат. Мисалы, Мадумаров “Атамбаевди компьютер шайлаган президент. Мен тааныбайм”- дечү. 2014-жылы Түркияга кызматка кетти го. Мен Сооронбай Жээнбековду биринчи күнү таанып куттуктагам. Мен сатып же сатылган жокмун да. Экинчиден, саткын деп мекенин сатканды айтат. Каркыра, Көк-Сайга окшогон жерлерге кол койгондорду мекенин сатты, элин сатты деп айтат. Мен мекенимди, элимди саткан эмесмин. Кандай мезгил болсо да жер сатууга каршы болуп келгем. Азыр да кен казуу саясатындагы калпыстыктарды ачык айтып, башкалар эмес, өзүбүз казалы деген маселени кабыргасынан коюп жатам. Анан кантип саткын болуп калам?

– Балдарыңыздын кызматка орношкону да чоң сөз болуп жатат го? Аларды кызматка койгула деп сурандыңыз беле?

– Менин балдарымды көчөдө жүргөн жеринен кызматка алышкан жокдур. Руслан эки революцияга тең катышкан. Кыйын күндө да элдин арасында жүргөн. Түштүктө кан төгүлүп жатканда айрым саясатчылар баргандан кооптонуп жүргөндө уулум элдин арасында болгон. Руслан шайлоого катышып жүрөт. Ал тургай көп добуш алып, айыл өкмөт да болду. Айыл өкмөт болуп иштеп жаткан жеринен президент “сендей жаштар керек” деп аппаратына чакырды. Азыр иштеп жатат. Менин балдарым болгон үчүн алар өгөйлөнбөшү керек. Жогорку билимдүүбү, иштеп, өздөрүн көрсөтүшү керек. Менин балдарымды сөз кылып жаткандардын балдары мамлекетке кымындай пайда келтирдиби деген маселе бар. Чынында мындай майда сөздүн баары туура сөз болбогонунан улам чыгып жатат. Чынында элчилик кызмат мынчалык чуу кыла турган деле кызмат эмес. Мынча неге чуу кылышты деп таңгалып жатам. Менден начар иштеген тил билбегендер деле элчи болуп иштеп жатпайбы. Аларга салыштырмалуу мен элиме, мамлекетиме канча жылдан бери кызмат кылып жүрөм го.

– Элчи болуп калсаңыз Курултайдан алыстап кетпейсизби?

– Мен элчи эмес, Бакиевдин доорунда Башкы прокурор болгонумда дагы эч ким оозумду жаба алган эмес. Бакиевдин убагында коррупцияга каршы күрөш жарыяланганда элге байма бай отчёт берип турдум. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде 10 күн сайын мамлекеттик чоң кызматта болгонума карабай отчёт берип турдум. Анткени, мамлекеттик бийликке барган киши президенттин гана саясатын жүргүзөт деген саясатка илгертеден эле каршымын. Мамлекеттик саясатты мамлекеттик кызматкерлер айтып турушу керек деген пикирдемин. Мамлекеттик кызматтагылар эшигин жаап албай, кылган иши боюнча да, кыла албай калган иши боюнча да айтып турушу керек деп ойлойм.

– “Бакиевди кетиргендер системанын таш-талканын чыгарды деген да пикирдегипер бар экен. Алардын айтканын да жөнү барбы?

– Системанын таш-талканы чыккан жок. Тескерисинче, 2010-жылдагы революциядан кийин бийлик өз мезгилинде алмашып турууну камсыз кылдык. Болбосо Бакиев баласы Максимге кеңешме түзүп берип, алар Максимди өмүр бою президент кыла турган саясатты башташкан. Зайнидин Курмановго окшогондор “бизге монархиялык республика керек” деп сүйлөгөн. Бакиевдин ордуна келгендер бийликтин мезгил-мезгили менен алмашып туруусун камсыз кылдык. Бул эң чоң жетишкендигибиз. Болбосо коңшу өлкөлөрдөй болуп, президенттерибиз өлгүчө картайып баспай калгыча отура беришмек. Экинчиси, эл бизге келген президенттердин жакындарынын, туугандарынын кулу болбой калды. Аша чаап кетсе соттоп жатабыз. Бул да эркиндик. Азыр президенттин гана үй бүлөсүнө кызмат кылбай мамлекеттин жана мыйзамдын ырын ырдап калышты. Элибиз саясий эркиндикке ээ болду. Ушул ийгиликтерди эстен чыгарбаш керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: