Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: “Аида Касымалиева айтат “Биримдик” партиясын макташты эле, алардын тизмесине жазылып алсам, ал партияны коомчулук кабыл албайт турбайбы” деп”

Бөлүшүү:

КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдырахмановду редакцияга чакырып, маек курдук. Анда  партиянын тагдырын жана ал партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендердин азыркы жасап жаткан кадамдарынын туура, туура эместигин сурадык. Мисалы, бүгүн сөз болуп жаткан «Биримдик» партиясынын жаңы жетекчиси болгон депутат Марат Аманкулов, ага мүчө депутат Айнуру Алтыбаева жана кайсы партияга кирээрин билбей жаткан депутат Аида Касымалиева  жөнүндө сурадык.

Ал Аида Касымалиеваны сыйлаарын айтты, бирок, чечкиндүү эместигин баса белгиледи. “Мен Аида Касымалиева менен жолугуп, сүйлөштүм, себеби, аны мен журналист катары сыйлайм, Бирок, ал жаш кызыбыз бүгүнкү күндө чечкиндүү боло албай, “кайсы жакка барсам?”,- деп ортодо турат. “Биримдик” партиясын макташты эле, мен ал партиянын тизмесине жазылып алгам, бирок, ал партияны коомчулук кабыл албайт турбайбы” деп, ал партиядан да бүдөмүк болуп турат. Анан мен ага: “Билбейм дегениң кандай, анда мандатыңды тапшыр да кете бер дедим“, – дейт С.Абдырахманов.

Сагынбек Абдырахмановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Мурдагы күнү, 21-январда аталган партиянын жалпы республикалык конференциясын өткөргөн.

 Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: