Бишкектеги №5 автобустун иши жандандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Көпчүлүк шаардыктардын анын ичинде «Көлмө» конушунун тургундарынын арыздануусунан улам Бишкек мэриясы «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Көк-Жар» – «Көлмө» каттамы бонча №5 автобус ишин жандандырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 9-январда Бишкектеги №5 автобус каттамынын токтоп калышы боюнча маалымат жыйыны болуп өткөн. Жыйынга юрист Бактыбек Маматов жана «Көлмө» конушунун активисттери: Калыбек Иманкулов, Айбек Тургуналиев, Аида Султаналиева, Сүлөсүн Тотонова катышып, автобусту кайра каттатып берүүнү талап кылышты. Ошондой эле алар бу жерде чоң коррупция жатарын баса белгилешкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ