Menu

Дохада Кыргызстан менен Катардын ИИМ башчылары жолугушту. Эмнени талкуулашты?

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетине кызматтык иш-сапары менен жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 24-январында Катар мамлекетинин борбор калаасы Доха шаарында КРнын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Катар мамлекетинин Премьер-министри, ички иштер министри Абдулла бин Насир бин Халифа аль Тани менен жолугушусу болуп өттү, жыйында кыргыз-катар мамлекеттеринин аймактык коопсуздук кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралды.

Жолугушуу учурунда уюшкан кылмыштуу топторго, киберкылмыштарга, наркотикалык заттарды мыйзамсыз алып өтүүлөргө, акчаларды мыйзамсыз өндүрүүгө, терроризмге каршы туруу жана маалыматтык технологиялар жаатындагы кылмыштарга тийиштүү маселелер каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Аны менен катар эле, Кыргызстан жана Катар мамлекеттеринин ички иштер министрликтеринин артыкчылыктуу кызматташуусунун алкагында эл аралык кылмыштарды алдын алуу, күч структураларынын тажрыйба алмашуу багытында иш алып баруу жана келечектеги кызматташуунун практикалык багыттары каралды. Алдыдагы кызматташуулар жемиштүү болуп, мамлекеттер аралык мамилелер багытында күч органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуусун жогорку деңгээлде уюштуруу иш-чаралары макулдашылды.

Ошондой эле, Кашкар Джунушалиев Катар мамлекеттик ички иштер министрлигинин бир катар структуралык бөлүмдөрүнө баш багып алардын кылмыштардын бетин ачуудагы, коомдук тартип сактоодогу техникалык жабдуулары жана методдору менен таанышып өттү. Кызматтык иш -сапар учурунда Кыргыз Республикасынын жана Катар мамлекетинин ички иштер министрликтеринин эл аралык өз ара кызматташуусунун жаңы баскычтары кеңири талкууга алынды. Ошондой эле эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтында каралган маселелерди ишке ашырууну камтыган иш чаралардын негизги багыттары белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: