КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин ал Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы, Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтып берген.
Атамбаевдин тарапташтары, парламенттеги КСДП фракциясынын үй камагындагы депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана аталган партиянын мүчөсү Адил Турдукулов тууралуу сурадык. “Алар дагы парламенттик шайлоого катышабыз деп турушат, эгер Адил Турдугулов сиздер чогуу шайлоого катышам десе, катарыңарга кошосуңарбы?,- десек, ал: “КСДП менин партиям, ал мыйзамдуу. Алар КСДПчы эмес, тагырагы, алар Атамбаевдин тарапташтары. Алар Атамбаевге материалдык жагынан көз каранды болуп калган. Адил Турдукулов алгач бизге келип, менден 500 доллар сураган, “бардык жерге чагылдырам”,- деп. Бизде акча жок десем, Атамбаевге чуркап кетти. Бул анын туруксуздугун, эки жүздүүлүгүн көрсөтүп турат“,-дейт С.Абдырахманов. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ