Menu

Алишер Мамасалиев: “Биримдик” долбоору эл маанайын билүү үчүн кое берилген “үйлөмө шар”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев шайлоодогу 9%дык босого, ЖКнын жаңы курамы, “Биримдик” саясый партиясы жөнүндө журналисттерге өз пикирин билдирди.

“Менимче, мурдагы эле 7%дык шайлоо босогосуна келишибиз керек, бул саясый талашта эң компромистүү чечим болмок. Бийлик шайлоо босогосун азайтуу боюнча партиялардын лидерлерин уга жүрбөсө болбойт. Легитимдүү шайлоо өткөрүүгө тоскоол болчу ички да, тышкы да тобокелчликтерди минималдаштыруу маанилүү. Ал эми Жогоку Кеңештин жаңы курамы жөнүндө сөз кылуу эрте. Партиялар тизмесин тактап бүткөндөн кийин, бул жөнүндө июлда кеп кылсак туура болот го дейм. “Бийликчил “Биримдик” партиясы катарына белгилүү саясатчыларды топтоп жатат” деген сөздөр бар. Менин тажрыйбама ишенип койгула, тизмелери он жолу алмашат, талапкерлер урушуп кеткенге үлгүрүшөт, пикирлештер атаандаш болуп калышы мүмкүн, башыбыздан булардын бардыгы өткөн. Азыр атайын эле ушундай маалыматтарды коомго ыргытып коюп жатышат, элдин кабыл алганын карашат, өз командасын текшерет дегендей. Менимче, “Биримдик” долбоору эл маанайын билүү үчүн кое берилген “үйлөмө шар”. Ал эми бийликчил партиянын флагманы апрелге чукул пайда болот. Азыр болсо мезгил таразалаган классикалык ыкма жүрүүдө”, – дейт Мамасалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: